ИИМдин атайын дайындалган отрядынын ардагерлери Президент Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады

2717

Кууралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы
Урматтуу президент Садыр Нургожоевич.

Биз ИИМдин атайын багыттагы отрядтын ардагерлери Баткен жергесинде кезектеги Таджикстан республикасынын куралдуу күчтөрү тарабынан кол салуусун тынчсыздануу менен кабыл алдык. Ошону менен бирге биз ардагерлер, жаш жоокерлер менен бир катарда өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, аскердик милдетти аткарууга даярбыз. Биздин тилегибиз эки өлкөнүн чек ара боюнча келишими дипломатиялык жол менен ишке ашуусун каалайбыз. Кыргызстан жана Тажикстан элине сабырдуулук менен чагымчылдыкка алдырбоону суранабыз!

Биз Кыргыз мамлекетибиздин тынчтыгын жана бүтүндүгүн сактоодо ар дайым өз салымыбызды кошууга даярбыз.

Урматтоо менен,

Милициянын атайын дайындалган отрядынын Ардагерлер коомдук бирикмесинин төрагасы
Айдаркулов Н.Т.

“КР согуштун, эмгектин куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинин Төрагасы Какчекеев Т.К.

0