“Эл оозунда элек жок” дейт. “Ихлас” курулуш компаниясы боюнча соңку убакта түрдүү кептер курчуп баратат. Окурмандардан түшкөн суроолорду ачык жолдойлу.
“Ихласчылар” өткөн бийликтин тушунда Асылбек Жээнбековдун аркасы менен ири жол курулушу боюнча тендерди утуп, бирок реалдуулукта иштин жыйынтыгын көрсөтпөй кетишкенби? Ушул багытта коррупциялык элементер барбы?
Мындан сырткары, “Ихлас” курулуш компаниясы үйлөрдү салуу үчүн жерлерди алууда көмүскө каражаттарды төлөчү беле? Эгер андай болсо кимдердин капчыктары кампайчу? Убагында Икрам Илмияновго “отметка” кылып турушканы ыраспы?
«Азия Ньюс» гезити