Генералдыкты эңсеген Абидовдун кекиртеги “сурнайдайбы”?

234

Ош облусттук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абидов деген неме массалык маалымат каражаттарына мактанып бүтпөй койду. Анын айтканы боюнча Ош облустук милициясын ал жетектеп келгени кылмыштуулук азайып, тим элек укмуш болуп, ИВС, СИЗонун ичтери бошоп, камаганга кылмышкер жок, кадимки Даниядагыдай абал болуп жаткан имиш. Эми бул жомокко ким ишенет ай? Кудайды бир карап калпты айтыш керек го ыя? Чынын айтканда Абидов, буга чейинки жетекчи Малик Нурдиновдун көлөкөсүндө эле калбадыбы. Дагы уялбай Ош шаардык милициясынын жетекчиси Акылбек Мамасеитовго эрегишип коёт экен күлкүнү келтирип. Абидов буга чейин Бишкек шаарындагы Ленин райондук милициясын жетектеп, кыйратып деле жиберген эмес. Өздүк курам менен келише албай аябагандай жүдөгөн. Чүй областында Панфилов райондук милициясын, Ош областында Араван райондук милициясын жетектеп турганда деле жарытылуу иш кылганын көргөн эмеспиз. Анан Ош областтык милициясын гүлдөтүп жибериши күмөн туудурат. “Генерал албасам болбойт” – деп наамга чуркап жатканын эшиттик. Эч нерсе боло электе генерал болууну көздөп жатса анда кекиртеги “сурнайдай” эле экен таңгөрү. Же аппараттагы кишилерине таянып жатабы?

Опер.кж

0