Генералдык штабдын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор наамы ыйгарылды

337

Эки күн мурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалган Тердикбаев Эрлис Жекшеновичке генерал-майор жогорку аскердик наамы берилди.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

0