“Бавария” клубунун оюнчусу жана Польшанын курама командасынын футболчусу Роберт Левандовский ФИФА уюмунан жылдын мыкты оюнчусу наамын алды.
Иш-чара 17-январда Цюрих шаарында өттү.
Левандовски аргентиналык оюнчу Лионель Мессини ашып, жылдын мыктысы аталды.