КР РФ элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиядагы мекендештердин оорун колдон, жеңилин жерден алып, алардын көйгөйүн чечүүдө алдына ат салдырбай эмгектенип жатат. Өзгөчө пандемияга байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалда алыста жүрүп кыйналган мекендештерибиздин орчундуу маселелерин ыкчам карап, аларга ар-тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз. Кабинетинде олтуруп алып, жардамчылары аркылуу иш бүтүрбөстөн, өзү баш болуп эл менен жолугуп, алардын маслесин өз ооздорунан угуп, тезинен чечип жатканы Жекшенкуловдун дасыккан адис, тажрыйбалуу дипломат экенин айгинелейт. Аликбек Жекшенкуловдун тынымсыз иш аракетинин негизинде бир топ иштер өз убагында аткарылып, мекендештердин калың колдоосуна ээ болуп жатканын эшиттик. Алгылыктуу кадамы менен Жекшенкулов көпчүлүккө үлгү болуп, калк тарабынан бааланууда.
ЧЫНДЫК