Фехтование боюнча курама команда Дүйнө кубогуна катышат

468

Фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасы Татарстандагы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 19-23-март күндөрү Казань шаарында өтөт.

Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:

1. Даанышман Жумабай уулу;

2. Нурлан Кулуев;

3. Жоодат Есеналиев;

4. Илим Бакытбек уулу;

5. Камиля Абдыл-Хамитова;

Белгилей кетсек, спортчулар мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.

0