Европарламент Орусия терроризмге демөөрчү өлкө деген резолюция кабыл алды

167

Европарламент депутаттары 23-ноябрдагы жыйында Орусияны терроризмге демөөрчү өлкө деп атоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды.

Депутаттар президент Владимир Путинди жана анын өкмөтүн эл аралык трибуналга тартууга негиз даярдап жатканын билдиришти.

“Орусия Федерациясынын Украинанын карапайым калкына каршы ырааттуу жасаган чабуулдары менен мыкаачылыгы, жарандык инфратүзүмдөрдү талкалоосу жана башка эл аралык гуманитардык укуктарды олуттуу бузуп жатышы Украина элине каршы террордук актыга тете жана аскердик кылмыш”, деп айтылат документте.

Резолюцияда Орусия согуш учурунда терроризм ыкмаларын колдонгон өлкө катары таанылган. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн депутаттары бүтүндөй бир өлкөнү террористтердин тизмесине кошууга жол ачкан жаңы мыйзам иштеп чыгууга чакырышты. Азыр ЕБнын террористик тизмесине уюмдарды жана кишилерди гана кошууга болот.

Депутаттар Евробиримдик өлкөлөрүн Орусиянын Украинага каршы агрессиясы боюнча атайын трибунал түзүүгө колдоо уюштурууга үндөштү. Добуш берүүнүн алдында бул документ Орусия президенти Владимир Путин менен анын өкмөтүн сот жообуна тартууга жол ачуусу керек экени белгиленди.

Резолюция европалык өлкөлөрдү кандайдыр бир иш-аракеттерге түртпөйт жана символикалуу мааниге ээ. Ал үчүн 494 депутат “макул”, 58 депутат “каршы” деген добуш берди. Дагы 44 депутат добуш берүү укугун колдонгон жок.

0