Эртең Улуттук китепканада Мурза Гапаровдун 85 жылдыгына карата китеп-сүрөт көргөзмө өтөт

292

Эртең, 18-мартта саат 11:30до Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада КР эл жазуучусу Мурза Гапаровдун 85 жылдыгына байланыштуу “Өлбөстүккө айланган талант” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепкананын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыздын белгилүү жазуучусу Мурза Гапаров 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1963-1965-жылдары республикалык радио жана телевидение комитетинде редактор, 1965-1967-жылдары Москвадагы киносценаристтердин курсунан билим алган, 1968-1970-жылдары “Кыргызфильм” студиясында редактор, кийинчерээк Кыргызстан жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеген.

Жазуучунун адабиятка болгон шыгы 1960-жылдын башында башталып, ырлары, аңгемелери газета журналдардын беттерине жарыяланган. М.Гапаровдун алгачкы чыгармасы 1963-жылы “Мейман” деген ат менен басмадан жарык көргөн.

Окурмандар тарабынан эң жогорку баага татыган “Кызыл беде”, “Кыштакча”, “Жаңгак токойлору”, “Шабдаалы бак”, “Айгүл тоо”, “Аялдардын деңизи”, “Бир шиңгил жүзүм”, “Экөө ээн бакта” деген чыгармалары жана бир канча аңгемелери орус, француз, немец, чех, румын, болгар, венгер жана башка тилдерге которулган.

Гапаров кино өнөрүндө, драматургия жанрында да өзүнүн чеберчилигин даана көрсөттү. Анын “Күнөстүү арал”, “Көчө”, “Өрүк зар баяны” деген көркөм жана бир нече даректүү тасмалардын сценарийлери автордун калемине таандык. Академик К.Юдахин жана З.Кайназарова жөнүндө документалдуу фильмдердин жана ондон ашык хроникалык-документалдык фильмдердин сценарийлеринин автору.

Кыргыз драматургиясына өзүнүн чыйырын салган таланттуу сүрөткер М.Гапаров өзүнүн оригиналдуу ойлору, колориттүү түзгөн образдары менен дасыккан драматург катары элге таанылган. “Туздуу чөл”, “Биздин үйдүн Карлсону”, “Чагылгандын ташы”, “Жамгырлуу түндүн жомогу”, жубайы Галина менен биргелешип жазган “Өлгүм келет, спонсор керек”, “Киотого кеткен жол”, “Бар үмүтүм сенде”, “Сафия Булан”, “Мээримдүү Мээри”, “Кызганчаак келиндердин кечеси” жана кызы Айкыз менен жазган “Караван сарай” аттуу пьесалары республикабыздын гана эмес Москванын театрларынын сахнасында да коюлуп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусуна арзыган.

Ал 1971-жылы СССРдин кинематографисттер союзунун, 1974-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

0