Эрнис Толтоев Ош облусунун башчысынын орун басары болуп дайындалды

140

Эрнис Толтоев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн, 10-август күнү Эрнис Толтоевди эмгек жамаатка тааныштырылды.

Толтоев Эрнис Мукашбекович 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. Жогорку билимдүү.

0