Жанына ар дайым жабалактатып 3-4 жан сакчы алып жүрөт экен. Же буга тиш кайраган душмандары көппү? Болбосо, Чүй облусунун губернатору мамлекеттик сырды алып жүргөн өзгөчө жанбы? Жан сакчылары Тентишев келе жатканда жолдон эч кимди өткөзбөй тороп, токтотуп милдеттерин аябай мыкты аткарышат экен. Президент жолдо калат…Көпкөнчүлүкпү же каада күтүүбү? Жолдо калчу жорукка өзү күбө болгон Жанар Акаевдин дагы куйкасы курушту окшойт…
Алмаз Темирбек, журналист