Эриш-аркак шайлоого аттанышкан сөгүнчөөк Гуля менен жеңил-желпи Илим бири-бирине куп жарашты

1186

Бишкек мэриясынан айдалып кеткен сөгүнчөөк Гуля Алмамбетова менен Илим Карыпбеков эриш-аркак саясатка аттанышканына баам салып атабыз. Экөө тең өзгөчө жандар да, атаңгөрү! НДПК аркылуу Бишкек шаардык кеңешине талапкер болушуп, таңдайларын такылдатууда. Гуля сөгүнгөнү менен атагы чыкса, Илим арзан пиарларды жасай коюп социалдык тармактарда көңүл бурдурат. Карапайым көпчүлүк салмактуу анализге, геосаясый ой жүгүртүүгө деле көңүл бурбай калган да. Дал ушундай жеңил-желпи мүнөздүүлөр ийгиликке жетишип келатканын эске алсак, демек, экөө НДПКны жыргатабы? Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу – упай топтоо. Өтпөй калса деле булар өкүнүшпөйт. Эң башкысы, коомчулуктун эрмегине айлануу Гуля менен Илимге кымбат табылга болсо керек.

“Азия Ньюс” гезити

0