Эрдоган Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршылыгын билдирди

111

Түндүк атлантикалык аскердик альянстын мүчөсү – Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швециянын каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 13-майда жарыялап, “бул өлкөлөр көптөгөн террордук уюмдардын үйү болуп калганы” менен байланыштырды.

Түрк президенти Анкара Финляндия менен Швеция мүчөлүгү тууралуу “оң пикирде эмес экенин” бегиледи.

Түркия бийлиги Швецияны жана башка батыш өлкөлөрүн Анкара террордук деп эсептеген уюмдарды, анын ичинде күрд топторуна башпаанек берет деп айыптап келет. Эрдоган өзүнүн каршылашы, дин ишмери Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерин да киргизип алганы үчүн көп өлкөлөрдү айыптап жүрөт.

Ал жума күнү Стамбулдагы мечиттеги сөзүндө, “гүленчилер 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылышканын” белгилеп, анын администрациясы он миңдеген адамды камакка алганын кайталады.

Гүлен жана анын тарапкерлери бул айыптоолорду төгүндөп келет.

0