Эмнеге учнукпашыбыз керек? Анжелика агынан жарылды

2011

Ушул тапта Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында ЭКСПО көргөзмөсү өтүп жатат. ЭКСПОго барган коомдук ишмер жана ырчы Анжелика Кайратова ал жердеги кыргыз павильонунун начар абалын айтып, көзүнөн жаш алып түз эфир аркылуу кыргызстандык ишкерлерге кайрылды.

Төмөндө Анжеликанын билдирүүсүнүн текстин тиркейбиз:

Эмнеге учнукпашыбыз керек?

Өлкөнүн өнүгүүсүнө сонун жолдор бар!

Торговая промышленная палата деген баарын чечет экен. Бишкектен мен ошол мекеменин кабинетинен ыйлап Дубайга учкам. 7000миллион сомдук чыгым жазылган кагазды көрүп, 3000$ эле үч кийимге кетет экен. Алар эмне болгон кийим экен деп кызыктым. Эң арзан синтентика велюрга тамбур машинесинде түшкөн чиймелери бар , өлчөмү батпаган кийимдер келиптир. Алар кийилбей эле жатат!!!

Жаман сөз айтпай , “Мен БЕЛЕК КЫЛАМ” ! Дубайдын ысыгына, жана муздаткыч урбагандай сапаттуу мааниде бар оймолор түшүрүлгөн костюм юбка- шым, , пиджактарды өз чөнтөгүмөн төлөп тиктирем!

Бирок, аны – жылмайып, үнүн катуу чыгарып, КЫРГЫЗСТАН тууралуу тыпылдап маалымат берген уул-кыздарга ! Азыр үч адамдан кезектешип алтоо иштеп жатат. Алар ишке чыкса- чыкпаса дагы айлык маянасы алдын ала кетчү чыгымга жазылып бөлүнгөн. Жол кире, жатакана, тамагы – дагы бөлүнгөн.

Эми суроо : кандай критерийлер менен алар алынган ? Мен жан күйүп айтып жатам. Сындаган жерим жок. Башка улут өкүлдөрү- биздин павильондо волонтёрлугун укмуш аткарып жатышат. Аларга рахматты унутпайлы.

Эми алдында УЛУТТУК КҮН !!! Кыргызсатндын күнү болот, туугандар.
Кандай өтөт ?-деген суроого, Камбаркан ансабли келип, жарым саат концерт коюп кетет экен. Болду. Балким, кыргыз кийимдер көргөзмөсүн уюштуруп, алып баруучу, ырчыларды, буту менан жаа аткан , комуз- шоу жасагандарды алып келебиз???
Макул техникадан аксып жатсак дагы- ТАЛАНТТАР МЕНЕН ТААНЫЛАБЫЗ???
Эмне үчүн жазып жатам??? Силерден башка кимге айтам? Ким угат? Ким чечим чыгарат???

0