“Эмгек” партиясы кайрадан чуу үстүнөн чыкты – фото

793

Бул жолу олуттуу түрдө – документалдык далилдер менен. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына аталган партия жеке ишкерлерге жана коммерциялык уюмдарга патент төлөөгөнү боюнча расмий арыз келип түшкөн.

“Эмгек” 38ге жакын патент төлөп бериптир. Ага “Таатан”, “Таш-Рабат”, “Техномаркет”, “Строймаркет” жана башка объектилер кирет. Төлөм 13-14-март күндөрү жүргүзүлгөн. А 2-марттан кийин мыйзамга ылайык, үгүт иштери жүрүп жаткан мезгилде мындай аракеттер шайлоочуларды паралоо катары каралат.

Эскерте кетсек, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесине ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларга пара берүүгө жана акча төлөөгө тыюу салынат.

БШК эми “Эмгек” партиясынын мыйзамсыз аракеттери үчүн аталган мыйзамдын 44-беренесине ылайык, партиянын талапкерлеринин тизмесин толугу менен жокко чыгаруусу керек.

0