Элчи Гүлнара-Клара Саматтын «сасык» саясий жүрүшүнөн бир үзүм…

1325

Гүлнара-Клара Самат Орусия Федерациясында Кыргызстандын элчиси катары иштей албай жатканы сындалып келет. Бул айым Бакиев режиминде БШКны жетектеп, чоң чатак менен кызматтан айдалып, Москвага качканга үлгүргөн. Ал жактан Райымкул Аттокуровго жакындап кетет. Оош-кыйпта саясий кубулуштардан артта калбаган Гүлнара-Клара Самат амалданып, Искендер Гаипкулов менен мамиле түзүп, экөө бирдей «Ата Мекен» партиясынан депутат болушканы, кийин мекенчилдерге ыктап кетишкени ырас. Анын элчи болушуна дал ушул Искендер мырза салым кошуп, көшөгөнүн артынан көтөрмөлөгөнүн каңкууланды. Бирок, колдогон кадрынын түбөлүгү түз болбой, иштей албай жатканына ким жооп берет?

Булак: Азия News гезити

0