Өмүрбек Текебаевдин Германияга элчи болгону аз гана убакыт өттү. Бирок кыска аралыкта тажрыйбалуу саясатчы өзүн дасыккан дипломат катары да көрсөтө алганына коомчулук күбө. Анын эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу мамилелерди чыңдоо багытындагы аракеттери, өзгөчө кыргыз жарандарына Германияга барып иштөөгө жана окууга жол ачып бергени алкоого алаарлык.
Дагы бир мисал, Кыргызстандын Германияга болгон карыз маселесинин оң жагынан чечилиши. Ооба, тышкы карыз коомдун көңүл чордонуна алынган маанилүү маселе. Кыргызстандын Германияга карызы финансылык жана техникалык кызматташтыктын алкагында жеңилдетилген насыяларды ала баштаган мезгилден, тактап айтканда, 1992-жылдан бери пайда боло баштаган.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Кыргызстандын Германияга болгон тышкы карызы ушул жылдын апрель айына карата 77,71 млн. АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 73,06 млн.доллар Германиянын “КфВ” банкына эки тараптуу жеңилдетилген насыя жана 4,65 млн. доллар “Гермес AG” эки тараптуу жеңилдик берилбеген насыя катары карыз.
1992-жылдан бери Кыргызстан Германиянын алдындагы тышкы карызды реструктуризациялоо жана конверсиялоо максатында үч жолу тиешелүү келишимдерди да кабыл алууга жетишкен. 2019-жылы болгон өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдө 14,9 млн.евро өлчөмүндөгү карызды конверсиялоо макулдашылган. Бирок макулдашуулар макулдашылганы менен, иш ошол бойдон “былк этпей” тура берген.
Текебаевдин Германияга барганы жана Кыргыз өкмөтүнүн көмөгү бул каражаттарды пайдалуу алып калууга өбөлгө болду. Дегенибиз, ошол каражаттар эми айыл жергесиндеги турак жайларды курууга жумшалмакчы. Кыргызстандын Германияга болгон тышкы карызын кечтирип, маселеге чекит койгон үчүн элчибизге “ Бали, Өмүке!” деген алкоо ашыкча болбос…
ChA
Булак:ЧЫНДЫК