Бизде көрө албастык сапат көбүрөөк. Бизде бири-бирибизди колдоп, өстүрсөк, мамлекет үчүн дагы, келечегибиз үчүн дагы жакшы. Ыгы бары деле, жогу деле ар кандай пикирлерди айтып жатышат. Тармак оор, чечиле турган көйгөйлөр толтура. Бүгүнкүдөй кыйчалыш заманда реформаларды алдыга жылдырып, жаңычыл ишке үндөп Каныбек Туманбаев болгон күчүн жумшап, иштин жыйынтыгын көрсөтүп жатат.
Каныбек Тургунбекович ушул күнгө чейин элибизге кайрымдуулук жагынан өтө көп кол сунду. Аны атайын элибизге жар салган жок. Эгер кылып жаткан кайрымдуулук иштери жөнүндө жар салып башташса, гезит – теленин, интернеттин бети алардын иштерине толуп чыкмак. Жок, муну купуя кылат. Миңдеген адамдарга иш орундарын түзүп бергенден сырткары кедей-кембагалдарга, бей-бечараларга, эч кимге жар салбай эле жардам берип келе жатат. Мен өз көзүм менен канча кайрымдуу иштерине күбөмүн.
Сынды туура кабыл алып, элдин үнүн уга билген Каныбек мырза өзүнө тиешелүү жоопкерчиликтерди так аткарып келе жатат. Жашоодо адамдын жакшы иштерин да айта жүрөлү.
Текстти жазган Гүлпери Жанышбековна.