Эл аралык алаканы жогорку деңгээлге чыгарган Руслан Казакбаев

518

Кайсыл учур болбосун, ɵз ишин мыкты билген кадрлар камчы салдырбай иштеп кете алат эмеспи. Бизде мындай ɵз ишин жогорку деңгээлде билген кесипкɵй кадрлар жок эмес. Бирок, аз гана санда. Алардын бири катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди айтсак болот. 2020-жылдын 5-6-октябрындагы ɵлкɵдɵгү саясий кырдаалдан кийин кайрадан баарын жɵнгɵ салып кетүү оңой болгон болгон жок. Так кесе айтканда абдан убаракерчиликти жаратты. Анткен менен дипломатия тармагында зор тажырыйбага ээ Руслан Айтбаевич бул жолу камчы салдырбай ТИМ тармагынын оор жүгүн тартып кетти. Кыргызстандын Эл аралык мамлесин бекемдɵɵнүн аракет менен жан үрɵп иштеди жана иштеп жатат. Мамлекетибиздин аброю үчүн тыным албай иштеген эмгегин калыстык үчүн баалап коюшубуз абзел. Ɵзүнүн токтоо мүнɵзү менен кылдаттыкты талап кылган жоопкерчиликтүү ишин мыкты аткарып келе жатат. Казакбаев сыяктуу ɵз ишин мыкты билген кесипкɵй кадрлар гана ɵлкɵнү ɵргɵ сүйрɵй турганы бышык эмеспи. Сиз чыныгы дипломат экендигиңизди күн санап далилдеп келе жатасыз Руслан Айтбаевич!

Булак:Де-Факто

0