Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азиз Алымкулов Бишкек СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдары билдирди.
Белгиленгендей, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Алымкулов менен кошо УКМКнын кызматкери тергөө абагына киргизилген.
Эсиңиздерге сала кетсек, Азиз Алымкулов 31-мартта кармалган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Экс-вице-мэр айрым чиновниктер жана аффилирленген адамдар менен тил табышып, мыйзамсыз баюу максатында, Бишкек мэриясынын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүп, аффилирленген жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого мажбурлаганы аныкталган.