КР Жогорку Кеңешин шайлоодогу тең салмактуулук, чыныгы атаандаштык болбой жана бир топ мыйзамсыз көрүнүштөрдөн улам, карапайым калк шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип митингге чыгышкан. Митингдин жүрүшү менен кырдаал оорлоп, бийлик көзөмөлдү колдон чыгарып, жогорку жетекчилердин баары кол алдындагыларды таштап качып кеткенге үлгүрүшкөн.
Анын айынан жаалданган эл ак үйдү ж.б мекемелерди басып алышты. Дал ушундай оор кырдаалда коомдук тартипти жана ар кандай башаламандыктардын алдын алуу үчүн эки элдик генералдар Өмүрбек Суваналиев менен Курсан Асанов алдыга озуп чыгып өздөрүнө жоопкерчиликти ала алды.
Генерал Өмүрбек Суваналиев Күч түзүмдөрүнүн координатору катары чечкиндүү чечимдерди кабыл алды. Аны шериктеш өлкөлөр таанып, абалды жөнгө салуу жатында биргеликте иш алып баруу үчүн сүйлөшүүлөргө чыга башташты.
Ошондой эле Убактылуу КР Ички иштер министринин жана Бишкек шаарынын коменданты милдетин аркалаган Генерал Курсан Асанов дагы өзүнө жүктөлгөн милдетти татыктуу аткарды. Ал ыкчам чараларды көрүп, талап-тоноочулукка жол бербей, марадерлуктун алдын алды. Коомдук тартипти орнотту. Албетте, Курсан Асанов ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жаштардан турган элдик кошуундарды тез арада уюштуруп, алардын эбегейсиз жардамы менен шаарыбыз сакталып калды. Коңшу өлкөлөрдүн Ички иштер министрлери Курсан Асановго байланышып, аны абалды турукташтырып кетээринен шектери жоктугун билдиришти.
Ал эми кечээ, атайын провокациялык топтор күчтөнүшүп, ички интриганы тутантып, эки элдик генералды иштен алууга аракет жасашты. Күч түзүмдөрүнүн координатору катары Өмүрбек Суваналиев УКМКны бошотуп, Коргоо кеңешине чыгып кетти.
Ал эми Курсан Асанов ИИМди басып алуу орун алып, катардагы кызмакерлер жабыркабасын деп, өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук үчүн ИИМдин имаратынан чыгып кеткен.
Кечээ митингде эки тараптын тарапташтарынын ортосунда кагылышуу болуп, ок атылган жагдай жаралды. Эки тарапты кагылыштырбай коомдук тартипти көзөмөлдөп турган күч органдары бул учурда көрүнбөдү. Дал ушул окуядан соң, провокаторлор атайын эки эр жүрөк элдик генералдарды кетирип, күч түзүмдөрүн алсыратып, ушундай башаламандыкка барганбы? Эгерде Суваналиев менен Асанов күч түзүмдөрүн тейлеп турганда мындай башаламандыкка жол берилбейт беле? Так что баары атайын пландалып, ишке ашырылган сыяктанат.
ЧЫНДЫК