“ЭЕ/АР” орус кызматынын айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү таратты

168

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай медиа каражатынын орус кызматына карата соңку окуялар боюнча билдирүү таратты. Анда ал компания Кремлдин чындыкты айткандарды цензурага алуу аракетине каршы күрөшөрүн билдирди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын журналисттери Орусиянын мекенчил маанайдагы жарандары. Алар мекендештери жалган кабарларга, калп ичинде жашоого көнбөшү үчүн көз карандысыз маалыматтарды берип келет”, – деди Жейми Флай.

Флай радионун орус аудиториясын таштабай турганын билдирип, “биздин үнүбүздү баса алышпайт” деп белгилеген.

Бүгүн Орусияда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын банктык эсептерин камакка алышкан. 14-майда радионун Москвадагы кеңсесине соттук приставдар келген. Буга орус бийлигинин “чет өлкөлүк агенттер” мыйзамынын негизинде радио айыппулдарды төлөбөй жатканын жүйө келтирген.

Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосу “чет өлкөлүк агент” деген макамды четке кагып, альтернативдүү маалымат бергени үчүн орус бийлиги куугунтуктап жатат деп эсептейт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азиядагы 23 өлкөдө 27 тилде ар кыл платформаларда маалымат таратат.

0