Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды

104

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

0