2007-жылы кандуу бийликтин “Акжолу” аркылуу Динара Молдошева депутат болуп, Бакиевдер менен чалчаңдап көөп, кыйла кутуруп жүргөнү эсибизде. 2010-жылы төңкөрүш болуп кеткенден кийин мусапыр сымал басып калган. Бийлик короосуна кире албай. Кызыгы, мастан кемпирдей бир балээси барбы, айтор, Алмазбек Атамбаевдин ажолук убагында өкмөттөн майлуу кызмат алып, ошондон бери ээрдин түшпөй келет. Отурган креслосун жешип деле бүтүрдү окшойт, же кызый эле ныгыра береби? Тойбосо кантет? “Кыргызпатентти” кыйратып салганы калды. Кызмат ушунча кумарлуу экен, принцип, саясый позициясын сата берет тура. Мынчалык арзан баага татыган Динара айымдын соңку күндөрүн кандай элестетесиңер? “Гайкасы” буралбай калса ооруп калбайбы?..
«Азия Ньюс» гезити