Динара Кутмановага оңтойсуз суроо: Куйтулук, арамзалык кылып жан сактайсызбы?

1549

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага оӊтойсуз суроолор?..

– Динара айым, учурунда Кумтөрдөгү бузулган экологияны айтып, Центеррадан миллиарддаган доллар өндүрүп алса болоорун айтсаӊыз, дудук сүйлөп, сокур ыйлап жиберчү эле, чынбы? Ал түгүл Темир Сариевди Центтерага жан тартып Кумтөрдөгү экологиялык зыяндын өлчөмүн азайтып көрсөтүп койгон деген доомат арткан жайыӊыз бар эле. Мына ушунун айынан Садыр Жапаров бийликке келип, сиз министр болгон соӊ Сариев камалып сурак да берип чыкты, туурабы?

Натыйжада эмне болду? Бишкектин Октябрь райондук сотунун “Центерраны” Кумтөрдү иштетүүдө экологияга келтирген зыяны үчүн мамлекетке 261 миллиард сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин Бишкек шаардык соту жокко чыгарганда, эмнеге сиз билмексен болуп үн каткан жоксуз? Шок болдуӊузбу? 

Мындай чечим Президент Садыр Жапаровдун Центерра” менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча макулдашууга кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган соӊ кабыл алынды да, ыраспы? Мына ошол себептен, сиз тилиӊизди тишиӊизге басып, башын кумга тыккан төө куштун позициясын кармандыӊызбы? 

Эмне үчүн өз позицияӊызды коргоп, «эл эмне дейт, эколгиялык доону өндүрөлү» дегенге жарабай, кумга сиӊген суудай ыӊ-жыӊсыз болдуӊуз? Куйтулук, арамзалык аркылуу курулай популисттик кылып кызматка жеттиӊиз беле? Эми ошол кызмат ордуӊуз Кумтөрдөгү талкаланган экологиядан бийик турат бекен?

Анан эт эмес же чел эмес ыргылжыӊ абалдагы: «Мыйзам бузуулар бар экенин үч комиссия аныктаган. Бул жерде менин позицияма карата эч кандай бурмалоо, ошондой эле түрдүү чечмелөө болушу мүмкүн эмес. Факт бар жана аны эч ким жокко чыгара элек. Соттук териштирүү уланууда, маселеге акыркы чекит коюла элек», – деген көз карашты айтып, сымаптай мөлтүлдөп алаканга токтобой салаадан куюлуп түшүп жатасыз? 

Эмнеге «Кумтөр кениндеги жагдайды иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөшү керек деген чечими аткарылыш керек, ансыз Кыргызстанга Кумтөрдү алгандан пайда жок», – деп так кесе айта албай, тайгандан качкан түлкүнүн амалкөйлүгүнө салып «куйрукту булгактатып» ойт берип, «өлүмүш» позицияны кармануудасыз?

Деги эле жаӊы келишим боюнча, экологиялык доодон баш тартып, Центеррага 26% акцияны берип Кумтөрдү алганыбыз боюнча Кыргызстан уттубу же утулдубу?  Ак же көк деген так кесе позицияӊыз кандай? 

Суроо салган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак:Фабула

0