Дин жана аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы менен Гүлзат Аалиева камакка алынды

691

Дин жана аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы менен Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Гүлзат Аалиева камакка алынды. Бул тууралу бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы билдирет.

Милициянын маалыматы боюнча 1973-жылы төрөлгөн Гүлзат Аалиеванын үстүнөн 19-апрелде Бишкек шаарынын дагы бир тургуну милицияга арыз жазып кайрылып, жоопко тартууну өтүнгөн.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КР Кылмыш кодексинин 313-расалык, эникалык, улуттук, дин жана аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча катталган.

Азыр камактагы Гүлзат Аалиеванын Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жазгандары лингвистикалык экспертизага жөнөтүлдү.

0