Диетолог: Кофе менен тамакты айкалыштыруу ден соолукка зыян

163

Азыр Бишкек шаарында кофе даярдоочу жана аны сунуштоочу жайлар көп. Сүйлөшүү учурунда, же жөн гана убакыт өткөрүү үчүн кофени буйрутма кылуу адатка айланды.

Кофе кайсы учурда зыян жана аны кантип туура ичүү керек? Эмне үчүн кофени тамак учурунда жана андан кийин дароо ичүүгө болбойт?

Диетологдордун пикиринде, кофени тамактануу учурунда ичүү туура эмес.

Эртең мененки тамактануу учурунда кофени тамак менен бирге ичүү организмди керектүү бардык минералдар менен камсыз кылууга тоскоолдук жаратат.

“Кофеде металлдарды бириктирип, нормалдуу сиңирүүгө тоскоол болгон хелаттар бар. Эгерде сиз кофени тынымсыз ичсеңиз, анда сиздин каныңызда цинк, темир, магний азыраак болот”, — дейт адис.

Диетолог кофени тамактануудан жарым саат өткөндөн кийин ичүүнү сунуштайт, ошондо тамак менен бирге пайдалуу заттар сиңет.

Мындан тышкары, кофеиндин таасири астында эң маанилүү элементтердин бири – кальций организмден бөлүнүп чыгат. 12 миллиграмм кальций жоготуу үчүн бир чыныга жакын кофе жетиштүү. Бул учурда кофеге сүт кошкон жакшы.

Булак: Чындык Медиа (ChA)

0