Депутат Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө абагында калтырылды

37

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө абагында камоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-марттан тарта Жумалиевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы узартылды. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө 2021-жылдын 14-апрелине чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Жумалиев коррупцияга шектелип кармалган.

0