Денис Петрашов «Маре Нострум» мелдешинин этаптарына катышат

348
BERLIN, GERMANY - OCTOBER 13: Denis Petrashov of Kyrgyzstan competes in the Mens 200m Breaststroke Heats during day three of the FINA Swimming World Cup Berlin at Schwimm- und Sprunghalle im Europasportpark (SSE) on October 13, 2019 in Berlin. (Photo by Ronny Hartmann/Getty Images)

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов лицензиялык «Маре Нострум» эл аралык мелдешинин этаптарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако), 1-2 июнь күндөрү Каннетте (Франция) жана 5-6 июнь күндөрү Барселона шаарында (Испания) өтөт.

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 27-майдан 7-июнга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.

0