Дастан Шаршеев беттешке чакырган тажик мушкерине: “Беттеш болобу же болбойбу? Жооп бер”

1944

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев тажикстандык мушкер Умед Музофирбековго беттеш качан болорун сурап кайрылды. Кайрылууну кыргыз мушкери Instagram баракчасынын “Stories” бөлүмүнө жүктөдү.

“Ассалому алейкум, Умед? Үчүнчү жума өтүп баратат, мен сенин жообуңду күтүп жатам. Ачыгын айтчы, беттеш болобу? Жок десең мен түшүнөм. Ким гана жаңылышпайт”,
 – деди Шаршеев.

Буга чейин Дастан Шаршеев тажикстандык мушкер беттешке чакырганын айтып, аны менен беттешүүгө даяр экенин билдирген.

Булак:Супер.кж

+1