Данияр Үсөновго тиешелүү делген 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды

2316

Депутат Дастан Бекешевдин социалдык тармактагы жазган маалыматы боюнча мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2005-жылы Ысык-Ата районунда алган 20 гектар жер жакында мамлекетке кайтарылды.

Бекешовдун айтымында, «Прайм-Строй» деп аталган компания жерди бекер алган. Ошол эле 2005-жылы Казакстандын «Темирбанкы» менен келишим тузүлүп, жер күрөөгө коюлуп, «Прайм-Строй» жылдык үстөгү 21 пайыз менен 6 миллион доллар каражатты үч жылга алган.

«Прайм-Строй» үй курмак, бирок антпей акча тапты, эми жерди мамлекетке кайтаруу адилеттик болот», – дейт Дастан Бекешев.

Анын пикиринде, жер 2022-жылдын март айында соттун чечими менен кайтарылган.

Данияр Үсөнов премьер-министрлик кызматтан 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин кеткен. Ал оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин сыртынан абакка кесилген. Кийин ал Даниил Урицкий деген ат менен Беларуста иш жүргүзүп келет.

0