Дайырбек Орунбеков: “Мурдагы Бакиевдин үйүнүн ордуна, 100 орундуу реабилитациялык борбор курулууда”

393

Урматтуу достор, калаабыздын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курулуп жаткан реабилитациялык борбордун курулушу аяктоо алдында турат.

Бул, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү болчу. 2010-жылдагы бийлик алмашуу учурунда талкаланып калган. Имараттын калдыктары жана жер тилкеси мамлекетке өтүп, 12 жылдан бери кароосуз турган. Аны бир нече жолу ар кайсы коомдун өкүлдөрү алууга аракет кылышкан.

Ушул жылдын жай айында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен, Президенттин иш башкармачысы Каныбек Туманбаев кароосуз жайды бузуп, ордуна жаңы имараттын пайдубалын баштаган.

3 кабаттуу жана жер төлөсү менен салынып жаткан реабилитациялык борбор заман талабына ылайык келет. 100 орундуу борбор балдардын ден соолугуна акысыз кызмат көрсөтөт.

Курулуш башталган кезде такталбаган көп маалыматтар тарап, атайын каралоо, жалаалар айтылган. Реабилитациялык борбор элге кызмат кылат, ишке берилгенден кийин тийешелүү мамлекеттик мекеменин балансына өтөт.

0