Бизде ар бир бийликтин жекече “трюктары” бар. Азыркы бийликтики “кустурузация”. Мурунку чиновниктерди катары менен кармап, “кустуруу” иш-чарасын кызуу жүргүзүп жатышат. Бир жыл мурда абдан катуу кетишкен. Негедир кийинки учурларда басаӊдап баратат. “Кускучтар” азая баштадыбы же “кустургучтар” тоюндубу, айтор ал жагы табышмак.
Кызыгы, бул “кустурузация” кампаниясы мурунку “ажыдаарларды” шарт эле актап жиберип жатканында. Мамлекетке зыян келтиргени, ичип-жегени аныкталып, аны моюнуна алып жатышса деле “кустурузациянын” шарапаты менен кайра эле сүттөн ак болуп чыга келгендер дегеле адамзат тарыхында болбосо керек…
Арийне, акыл эстүү коом аргумент-факты дегени колунда туруп, күнөөсүн өзү моюндап жаткан жегичтерге “акча төлөдү” деген аныктама менен акыйкатты кызылдай сатып аткандарды кандай кабылдайт болду экен? Муну эми тарых тактаар… Айтайын дегеним, ушул “кустурузация” кампаниясынын алкагында мурдагы Коррупцияга каршы кызматтын (АКС) ачендиги Дүйшөнбек Чоткараев жемкорлукка шектелип кармалганын кулагыбыз чалган. Албетте, арты эмне болоору кызык эмеспи. Бирок, эл: “Эмне болду экен?..”, — деп эки кулагын делдейткенче Чоткараев дегени дагы чокчоӊдогон боюнча соттордун колу менен акталып, эркиндиктин чоорун тартып кете бергенин угуп жакабызды кармадык, эй! Чоткараевдин “Чокчолой баатырлыгына” таӊ калып бүтө албай жатсак Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов деген эргул да “акчанын” күчү мененби же амалдын күчү мененби айтор акталып алыптыр. Аныгында «кустурузация” саясатынын “акчаӊ болсо калтаӊда, эркиндикти сатып алып талтаӊда!», — деген эрежеси эмнегедир элдин арасында көптөгөн суроолорду жаратууда. Эгер алдыда Дүйшөнбек Чоткараев менен Адамкул Жунусовго окшогондор акыйкатты акчага сатып алууну уланта беришсе анда эртеӊибиз кантет? Дегеле акыйкатты акчага сатып алуунун же сатуунун арты эмне болоорун тарых канча ирээт сабак кылганын эмнеге этибарга албай атабыз?!
Булак:Де-Факто