COVID-19: Кыргызстанда калкты эмдөө башталат. Вакцина жүргүзө турган жайлар…

311

Коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медициналык кызматкерлерди окутуу башталды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.

Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан COVID-19га каршы SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген.

0