Чек арачылар Тажикстандан алынып келе жаткан 1 тонна аткезчилик жүктү кармашты

65

2021-жылы 29-мартта Баткен чек ара отрядынын чек арачылары мыйзамсыз аткезчилик жүккө бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айылына жакын жерде кызмат өтөө учурунда чек арачылар 41 жаштагы КР жаранынын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер унаасын кармашкан, ал өткөрүү бекеттеринен тышкары Тажикстандан Кыргызстанга 1 тонна кургатылган жемиштерди алып өтүүгө аракет кылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча кармалган жүктүн баасы 400 миң сомдү түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

0