Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 28-августта кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетиндеги абал боюнча маалымат таратып, мекеменин мүлкүнө зыян келтиргендер мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Маалыматта айтылгандай, аталган бекет кадимки тартипте иштеп жатат, бирок реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө карабастан жаңы имаратка залака келтирилген учурлар катталууда.
«Адамдар жаңы имараттагы мүлккө аяр мамиле жасабай, айнектерди сындырып, эшиктерди талкалап, машинасы менен тосмолорду сүздүрүп кеткен учурлар катталууда”, – дейт Чек ара кызматы.
Мекеме билдиргендей, “Достук” бекетинде оңдоп-түзөө, жаңылоо иштери жүргүзүлгөндөн бери каттаган адамдар көбөйдү. Мурда бул бекет аркылуу күн сайын 14,5 миң адам өтүп жүргөн болсо азыр 22 миңге жетүүдө.