Чек ара чырынын токтошуна министр Ниязбековдун кошкон салымы чоң…

1705

Кечээ жакында Баткенде чек арада чыр чыгып, Тажикстан менен куралдуу кагылышууга алып келди. Коңшу мамлекеттин басмачылык кадамы дүйнө коомчулугун дүрбөтүп, көңүлүн бурдурду. Кыргызстандын жарандары бир муштумга биригип, сырттан келген жоого каршы бек турушту. Биздин бийлик өкүлдөрү чек ара чырын ырбатпай, тынчтык жолу менен чечүүгө далалат жасашты. Албетте, бардык мамлекеттик органдар мындай оор учурда өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып жатышты. Биз ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун чек ара чырынын алдын алууга жана токтотууга кошкон чоң салымына токтолгубуз келди. Белгилей кетсек, Улан Ниязбеков жакында эле Тажикстанга болгон сапарында алардын ИИМ башчысы менен кезигип, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу мамиле түзүп келген. Кыраакы опер эмеспи, ал жактан келээри менен бир нерсени сезгенби айтор, Баткендеги “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайын кайтарууну күчөтүп, ИИМдин ” Шер” атайын багыттагы аскерлерин коюп келген экен. Кечээ тажиктер тарабынан коюлган чабуулда “Головной” үчүн “Шер” отряды катуу туруп, душмандын мизин кайтарып, суу бөлүштүрүүчү жайыбызды коргоп калганы факт. Ал эми жаңжал тутанган тапта, эки тараптуу дипломатияны түзүүдө, эки элди ынтымакка чакырууда Ниязбеков Тажикстандык кесиптеши менен байма-бай сүйлөшүп, абалды жөнгө салууда эбегейсиз аракеттерди көргөнүн эшиттик. Ал Баткенге орун басарларын, тиешелүү жетекчилерди жиберип, өзү баарын координациялап, коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүп, дипломатиялык жол менен башкарганы натыйжа берди. Болбосо өзү баш болуп Баткенге кетип калганда “мозговой центр” бош калып, абалдан чыгуу кечеңдеши мүмкүн эле да, туурабы? Ал гана эмес, ошол күндөрү аянтка чыккан провокаторлорду акыл калчап токтотууга жетишти. Алар Баткенге баруу талабын койгон болуп, койнундагы котур таштарын айгинелеп алышты. Себеби, министр алардын талабын угуп, Баткенге барууга шарт түзүп берейин десе, автобустарга түшүүдөн баш тартышып качып жөнөштү. Кыскасы, Улан мырзанын көрөгөчтүгү өлкөдөгү башаламандыктардын алдын алууда оң жыйынтыктарды берди.

+1