Чек ара чыры. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүүдө – ВИДЕО

1662

Өкмөт үйүнүн алдына чогулгандардын көбү Лейлек районундагы элди эвакуация кылууну талап кылууда. Митингге 500дөй адам келди.

Бишкекте Баткендеги чек ара жаңжалынан улам өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүүдө.

Нааразычылык акциясынын видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Эски аянтка 500гө чукул киши чогулган. Алар элди Лейлектен эвакуация кылууну талап кылууда. Айрымдары Баткенге бара тургандарын айтып, бийликтен ал жакка жеткирүүнү талап кылышууда.

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 33кө жетти. Атышуудан 163 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери бир эмес эки ирет телефон аркылуу сүйлөштү. 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. 

Булак:Спутник.кж

0