Чүй облусунда турак үйдүн чатыры өрттөнүп, 2 адам каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Маевка айылынын Ж.Гвардия көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2 адам (аты-жөнү, жынысы такталууда) каза болду.