БУУнун Кыргызстандагы өкүлү “Айыл чарбанын отличниги” төш белгиси менен сыйланды

17

Кечээ, 17-мартта КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда айыл чарба тармагындагы эмгектенген дыйкандарды жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, кайра иштетүү цехтерин куруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле COVID -19 пандемиясы учурунда муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздап, колдоо көрсөткөндүгү үчүн, министр Аскарбек Жаныбеков Андреа Баньолиге ыраазычылыгын билдирип, КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин атынан “Айыл чарбанын отличниги” төш белгиси менен сыйлады.

0