БШК Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти

143

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-ноябрдагы отурумунда “Социал-демократтар” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду каттоону жокко чыгарды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган чечимге БШКнын 10 мүчөсү добуш берди.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Момбековдун Ж.Баласагын атындагы КУУнун дипломунун жасалма экени тууралуу ишти иликтеп жатканын маалымдаган.

“Социал-демократтар” партиясынын өкүлү диплом боюнча маселе сотто каралышы керектигин айтып, чечим чыкканча Момбековдун шайлануу укугун чектебей турууга чакырды.

Саясатчынын өзү мындай айыптоону кескин четке кагып келет. БШК жыйынында Момбеков дипломдор жоголуп кеткени, бирок Дипломатиялык академиянын дипломунун көчүрмөсү бар экенин айткан.

Рыскелди Момбеков – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого “Социал-демократтар” партиясынан талапкер болуп бараткан.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. “Ата Мекен” партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.

0