БШК Конституция боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды

116

Борбордук шайлоо комиссиясы Конституция боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды. Мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова токтом президенттин кол коюсуна жөнөтүлөрүн билдирди.

Рефрендумга 1 млн 322 миң 124 шайлоо добуш берди, бул 36,66%ды түзөт.

Жаңы Конституцияга 79,3% шайлоочу “макул” деп, ал эми 13,72% шайлоочу “каршы” добуш беришти.

Эскерте кетсек, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум 2021-жылы 11-акпрелде өткөн.

0