Болотбек Дыйканбаев: “Азаттык” партиясында караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан дүйнө таанымы кең, мамлекетчил инсандар бар

349

– Болотбек ага, “Азаттык” партиясы шайлоого аттанган башка партиялардан эмнеси менен айырмаланат?

– “Азаттык” партиясынын  башка партиялардан айырмасы чоң. Айтайын дегеним, “Азаттык” партиясындагы талапкерлер  президентти жамандап же премьер министрди сындап, бийликти каралабайт. Факты менен гана  сүйлөп, сунуштарды гана айтат. Тарыхта Бакай –Ата Манаска туура  сунуштарды берип, адилеттүү сөздөрдү айтып, калыстыкты туу тутчу. “Азаттык” партиясы буюрса, Бакай-Атадай адилеттүү сүйлөп, калыстыкты туу туткан, туура кеңеш берген, жападан жалгыз партия  болот.

– Эмне үчүн башка партияны эмес, “Азаттык” партиясын тандадыңыз?

– “Азаттык” партиясында  “караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” дүйнө таанымы кең, мамлекетчил инсандар бар. Курамы курч болгону  үчүн ушул партияны тандадым. Партиянын катарында диний жактан билимдүү, илимдүү Мыктыбек Арстанбек бар. Саясатта такшалган Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан бар. Эң негизгиси партиянын башында аксакалы, акылманы  көз карандысыз кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө опол-тоодой чоң салым кошкон Медаткан Шеримкулов бар. Партиянын курамындагы аксакалдар да, орто муун, кичүү муундун баары эл үчүн иштейм деген инсандар болгон  үчүн “Азаттык” партиясынын катарына кошулдум.

– Региондорго чыгып, жолугушууларды уюштуруп жатасыздар. Эл “Азаттык” партиясын кандай кабыл алып жатат?

– “Азаттык” партиясын региондордо жылуу маанайда тосуп, жакшы кабыл алып жатышат. Анткени, азаттык деген сөздүн өзү сыйкырдуу. Айтайын дегеним, азаттык деген сөз элдин азаттыгы, бейпилдиги, эркиндиги дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн кайда барбайлы “Азаттык” партиясын жакшы кабыл алып, ак баталарын берип узатып жатышат.

– Болот ага, эл эмне үчүн “Азаттык” партиясын тандашы керек?

– Эл сынчылардан тажап, маселени чече алган, туура сунуш бере алган адамдарды парламенттен көргүсү келип калды. Биз кыргыз саясатында туура кеңеш берген, адилеттүү сунуштарды айткан миссияны аткарабыз. Ошон үчүн   элдер шайлоо күнү “Азаттык” партиясын тандап, добушун бериши  керек.

Изготовитель: ИП Султанова Жыпар Ильясовна; адрес:г. Бишкек ул. Месароша 95-2. Заказчик: ПП «Демократическая партия «Азаттык» Тираж ХХХХ Изготовлено: «19.11.2021 года. Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Демократическая партия «Азаттык» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Токтосуновой Гулирой Базаровной (регистрационное свидетельство №34 от 03.09.2021 года).

0