Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелген блогер Батмакан Жолболдуева Баткен райондук соту тарабынан акталып, ал эми үч иш боюнча айыптуу деп табылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, Жолболдуева «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси боюнча акталды. Ал эми «Бейбаштык», «Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» жана «Документтердин жасалмасын жасоо» боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды.
Эске салсак, маркум Арзыгүл Галымбетова АКИpress агенттигинин Баткен облусу боюнча аймактык кабарчысы болуп иштеген. Мындан тышкары ал чек ара маселелерин чагылдырып келген. Ал 2022-жылдын 26-мартында каза болгон. Өлөөрүнөн бир күн мурун ал фейсбук баракчасына блоггер Батма Бат (Батмакан Жолболдуева), анын өлүшүн каалап жатышканы тууралуу видео жарыялаган.
Байкоосуздуктан адам өлүмүнө алып келген факты боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. 2022-жылдын августунда ал үй камагына бошотулган.