Бишкек шаарынын чет жакасында орун алган жаңы конуштардагы менчик турак үйлөрдун арасына бийик кабаттуу имараттар өсүп чыгууда.
Бул боюнча бир катар конуштардын тургундары арыздар менен кайрылып, майнап чыкпай келет. Жакында эле Ленин районуна караштуу Арча-Бешик, Киргизия жана Ынтымак конуштарынын жашоочулары Жогорку Кеңештин депуттатарына кайрылып, мындай курулуштар токтобосо жаңы салынып жаткан мамлекеттик админстрациянын жолун бууганга чейин барышаарын айтышкан. Себеби жаны администрацияга чектеш конуштарга курулуш имараттарынын көзү артып, жаңы администрациянын салынышы менен баалар жана талаптар өсөт деген негизде «басып алышууда».
Бүгүн депутаттар жана шаар бийлиги жашоочулар менен жолугуп, курулуштардын ээси ким жана кандай негизде уруксаат алганынан кабар берет деп күтүлүүдө.
Жолугушуу Ынтымак жана Киргизия конуштарына чектеш Курултай жана Адигине көчөлорүнүн кесилишинде бүгүн саат 16.00 болот.