Бишкектин мээси айныган мэрлери, же Бакыт Кудайбергеновдун кедери…

461

Кечээ бусиктер иш таштап, шаардын эли самсып көчөдө калды. Эми бул биринчи жолу болуп жаткан жери жок. 2004-жылдан бери эле маал-маалы менен кайталанып келатат. Эл ташыган жеке менчик фирмалар жол кире жана башка көйгөй болсо эле шаардын элин көчөгө таштап, иш токтотушат. Мунун себеби, алар жеке менчик: кааласа иштейт, каалабаса төрт тарабым кыбыла (!) деп басып кетишет. Аларга мындай шартты Бишкектин мээси жок мэрлери түзүп берген.

Себеби, дүйнөнүн бир да мегаполисинде транспорттун 90 пайызы жеке менчикке берилген эмес. Анткени бул муниципалдык транспорт стратегиялык чарба болуп саналат. Аны түшүнбөгөн Бишкектин мээси айныган мэрлери  транспортту (троллейбустан башкасы) толугу менен жеке менчикке берип, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазаларды талап-тоноп, муниципалдык транспорту жок, соодасы бүткөн сарттай болуп жеке фирмалардын көзүн карап отуруп калышкан. Бул маселе башкы прокуратура тарабынан териштирилиши керек. 

Муниципалдык транспортту калыбына келтирбесе, автобустардын паркы толукталып жаңыланбаса, бусик фирмалар ыргыштап, билген намазын окуй берери бышык…

Кыскасы, учурдагы Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бакыт Кудайбергенов өз милдетин аткара албай, шаардыктарды бийликке каршы тукургандай жорукка барды. Алдын ала маселени чече албаса, жол жүргүнчүлөрүнө шартты камсыздабай мүдүрүлсө, тек гана кетпейби? 

“Азия Ньюс” гезити

0