Бишкек шаарынын четиндеги тоодон чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт кечээ, 16-июлда Чоң-Арык айылына жакын тоо боорунда куураган чөптөн чыккандыгын кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:50дө 1 бөлүм, саат 22:37де 4 куткаруучу АКУ менен, саат 22:58де 1 бөлүм тартылган.