Бишкектен жер кɵрсɵ эле баса калган Салымбековдор маданий эстелик болгон Илья Терентьевдин үйүнүн түбүнɵ жетпейби?

2328

Жакындап келе жаткан Бишкек Шаардык Кеңешине болчу шайлоого «Эмгек» партиясы алынын жетишинче аракет кылып жатат. Улам бир жерден жеңил пиарларын байма-бай берип аткан «эмгекчилердин» дымагы күчтүү. Капчыктуу Салымбековдордун жеңил колу менен түптɵлгɵн, ашталган бул партиянын тараза ташы эмнеге мынчалык шаар үстүнɵ «салаңдап» калды дейсиңер?!

Бишкек шаардык кеңешине боло келген мурдагы шайлоолордо анча билинчү эмес эле, бул жолу «мен-мен» деген олигархтар менчик партияларына бала-бакыра, кыз-кыркын, куда-сɵɵк, агаин-тууган дегендин баарын оозун буума кылып шыкап толтуруп атышат. Шааркеңешке депутаттыкка ɵткɵрүүгɵ колдо бар каражатын, болгон күчүн аябай жан үрɵп аракет кылышууда.

Деги эле, шаардагы ырыстуу жерлердин баарын басып алууга аракет кылган шаар башчынын элге канчалык кереги бар? Ɵз чɵнтɵгүнɵ иштеп кɵнгɵндɵр шаардыктардын кɵйгɵйүн чече алабы?

Илгери Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) Илья Терентьев деген биринчи староста, калаабашы болгон экен. Аты тарыхта калып, ɵзү эчак сɵɵгү сɵпɵт болгону түшүнүктүү да. Ошол биринчи шаар-башынын үйү азыркыга чейин бар. Абалы албетте, ɵтɵ начар, кулаганы араң эле турат. Бул үй убагында тарыхий-маданий эстелик катары таанылганы ырас. 2015-жылы «Дордойдун» кожоюну Аскар Салымбеков бул маданий эстеликти калыбына келтире турганын айтып жар салып, «Кыргызреставрация» долборлоо институтуна каражат бɵлɵ турганын жарыялайт.

Анан бул демилгенин аягы эмне болду? «Кыргызреставрациянын» айтуусу боюнча, Салымбеков алиги үйдү калыбына келтирмек түгүл, ал аянтты каалагандай калчаган дейт. Убада кылынган сумманын теңинен бир аз кɵбүрɵɵк каражат берип, калганын бербей токтотуп койгондуктан, пландалган иштер бүткɵрүлгɵн эмес. Алардын ою боюнча, Салымбековдорго бул үйдүн бүтпɵй кулап калганы керек болгондой таасир бар. Эгер ушул үй жок болгондо, анын ордуна күнүгɵ акча куюлуп түшүп турган башка курулуш эчак бүткɵрүлмɵк,-дейт алар.

Эски үй турган жер мамлекеттики дегендерге айтаар жообубуз: бул жер 49 жылга Салымбековдорго ижарага берилген экен. Ушунча мезгил ɵткɵнчɵ ким бар дагын, ким жок, туурабы!

Шаардык Кеңешке шайлоого бараткан «Эмгек» партиясы «Дордой» базарынын эле кичи кɵчүрмɵсү десек, жаңылган болбойбуз. «Эмгекчилердин» экɵɵсүнүн бири – базарчы экенин байкаган чыгарсыздар. Сап башында жүргɵн Жаныбек Абиров, кылмыш иши козголуп, качып жүргɵн кɵмүрбарон Болотбек Абировдун уулу экенин унутпай айта кетелик.

Эмнеси болсо да, борбор калаабыз Бишкекте базардан бɵлɵк да эл эс алып бара турган, чет ɵлкɵдɵн келген конокторго мактана турган, сыймыктана турган жайлар качан курулат деген суроолорго «какап» жооп таба албай турган учурда жашап жатабыз, замандаш!

Нургазы Айтмырзаев

Булак:Де-Факто

+1