Бишкекте тай бокс боюнча Кыргызстандын XVI ачык чемпионаты аяктады

320

Бишкекте тай бокс боюнча Кыргызстандын XVI ачык чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 25-28-март аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Мелдешке өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 336 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана КР “Муайтай” тай боксу федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

0