Бишкекте кикбоксинг боюнча өлкөнүн 25-чемпионаты өткөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.
Мелдеш 14-15-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага 87 спортчу күчүн сынады.
Чемпионаттын акыркы күнүндө эркек жана кыз-келиндер арасында 12 салмакта жарым финал жана финалдык кармашуулар өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды:
1. 51 кг — Дилзат Назарматов (“Космос” клубу);
2. 54 кг — Марат Мусаев (“Гермес”);
3. 57 кг — Азиз Бихуров (“Мангуст”);
4. 60 кг — Адилет Улан уулу (“Маралбек”);
5. 63,5 кг — Алихан Эргешов (One-X-One);
6. 67 кг — Эрлан Байзаков (“Мангуст”);
7. 71 кг — Аброр Хакимов (“Ош Азия”);
8. 75 кг — Кутман Асеков (“Гермес”);
9. 81 кг — Сыймык Базылов (“Мангуст”);
10. 86 кг — Талгат Чыналиев (“Маралбек”);
11. 91 кг — Дамирбек Пайзылда уулу (“Ош Азия”);
12. 91 кг жогору — Эламан Мээлисбек уулу (Ош);
13. 48 кг — Назик Ниязова (“Мангуст”);
14. 56 кг — Фарида Абдуева (“Маралбек”);
15. 60 кг — Элиза Батыр кызы (Ош);
16. 65 кг — Адэля Асылбек кызы (One-X-One).